Ошто кароосуз калган велосипеддерди уурдаганга шектелип, мурда соттолгон 16 жаштагы бала кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаар аймагында велосипед уурдап жүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 24-ноябрда кармалган. Ал Кара-Кулжа районунун 16 жаштагы Э.Д. аттуу тургуну болгон.

"Шектүү үй-бүлөсү менен келишпестиктен улам ушул жылдын август айында Ош шаарына келген. Туруктуу жашаган жери жок, негизинен мечиттерде жашап турган. Ош шаарына келген убактан бери кароосуз калган велосипеддерди уурдап турган. Уурдалган велосипедди шаардын башка аймактарына тээп барып, тез арада акча керек болуп жаткандыгын түшүндүрүп, өз баасынан арзан берип жиберип турган. Анализ көрсөткөндөй, ондон ашуун велосипедди 800 сомдон баштап 3700 сомго чейин сатып жиберген. Учурда өзүнүн көрсөтмөсү менен саткан жерлеринен аныкталган 15 велосипед ээлерине кайтарылды. Дагы эки велосипед табыла элек. Жалпысы - 17 факты. Шектүү жаш экендигине карабастан Бишкек шаардык соту тарабынан уурулук боюнча соттолуп чыккан. Шектүүнүн жаш экени эске алынып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2020-11-26 15:47:57
Жашабай жатып ушунча велосипед уурдаса ...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан