Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 24-ноябрда унаа уурдоого шектүү катары 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү Ош шаарынын тургунуна таандык Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаа уурдап, сатууга үлгүрбөй калган. Анткени, ал шаар кыдырып жүрүп, жол кырсыгына кабылып, машинаны ошол жерге таштап кетип калган.
"Шектүүнү кармоо учурунда ал жашаган үйдөн дагы бир Ош шаарынан уурдалган, издөөдө болгон Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа табылган. Эки машина ээлерине кайтарылып берилген. Ал эми кылмышка шектүү Х.Ю. үстүнөн автоунааны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Шектүү мурда да авто машиналарды уурдагандыгы жана башка уурулуктарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.