Орусияда коронавирустан экинчи күн катары менен сутка ичинде 500дөн ашык адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 25 миң 487 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 524 адам каза болсо, 25 миң 73 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 6075 (айыккандар 6229);

Санкт-Петербург - 3669 (айыккандар 1862);

Москва облусу - 1022 (айыккандар 644);

Нижегород облусу- 453 (айыккандар 677) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 187 миң 990 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 38 миң 62 адам каза болсо, 1 миллион 685 миң 492 бейтап айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан