Италиялык "Boarini Milanesi" компаниясы айымдар үчүн дүйнөдөгү эң кымбат сумканы жаратышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, саркеч сумканын баасы 7 миллион долларга бааланган.
"Parva Mea сериясындагы жаңы сумка аллигатордун терисинен жасалган. Анын сыртын ак алтындан жасалган, бриллианттар, сапфир таштары менен шөкөттөлгөн 10 көпөлөк жасалга кооздоп турат. Сумкага чапталган баалуу таштардын салмагы 130 каратты түзөт", - деп жазылат маалыматта.