Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 05:20 чамасында Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен Mitsubishi Space Star үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин дыкат текшерүү учурунда, 2002-жылы туулган Ш.А. аттуу айдоочу унаасынын мамлекеттик номуру бар туруп, анын үстүнөн жасалма номурду тагып алгандыгы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча унаа айып короого токтотулуп, айдоочу Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.