Ош шаарында 26-ноябрь күнү Тилек Баатыр көчөсүндө Opel Astra үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, Ак-Буура каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен унаанын 1991-жылы туулган айдоочусу жабыркаган.
Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган адамды "Тез жардам" унаасы менен алып кетишкен.