Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда чыгарган. Анда ал 2021-жылдын 11-январына чейин үй камагына чыгарылган.
23-ноябрда Финансы полициясы тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь районунун аким кармалып, конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схемага катыштыгы бар экени айтылган.