Бишкек шаардык милициясы алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул туурасында шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 1- ноябрда Октябрь райондук милициясына Бишкек шаарынын Д.А. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда арыздануучу М. аттуу адамдын үстүнөн арызданган. Жабырлануучунун айтымында, шектүү жол тандабас унаасын берүүнү убадалап, 15 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын алып, изин жашырып кеткен.
Ыкчам тергөөнүн жыйынтыгында, алдамчылыкка шектелген жаран кармалып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө уланууда.