Орусияда мейманканада колу канга боёлуп жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Ал Кыргыз жараны болгону айтылууда

Орусиянын Москва шаарындагы мейманканалардын бириндеги жуунучу бөлмөдө Кыргыз жаранын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Укук коргоо органдарынын маалыматтарына таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жызылган маалыматка ылайык, кечээ, 26-ноябрда Москванын Волгоградский кең көчөсүндөгү мейманканалардын бириндеги жуунучу бөлмөдө эркек адамдын жансыз денеси табылган. Анда каза болгон адамдын бардык тарабы канга боюлуп, жанында бычак жаткан. Окуя катталган жерге полиция кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы менен дарыгерлер келген. Өлүмдүн себебин тактоо максатында жансыз денени соттук медициналык экспертизага жөнөтүшкөн. Ал эми полиция кызматкерлери издөө иш-чараларын баштаган.

Мейманкананын жектекчисинин айтымында, каза болгон жаран бир нече күндөн бери ал жерде жашап жаткан. Ошондой эле ал 40 жаштагы Кыргыз жараны болгондугу айтылат маалыматта.

Учурда изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Karifan
2020-11-27 14:10:14
Кыргыз екенби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан