Велосипедчен адамды өлтүрө сүзүп алган Талас облусунун башчысынын экс-жардамчысына сот чечим чыгарды

Мас абалда велосипедчен баланы өлтүрө сүзүп алган Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн экс-жардамчысы Марслатбек Шералиевге сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкүмдү Талас райондук соту 23-ноябрда чыгарган. Анда Марслатбек Шералиев күнөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратылган.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 30-июль күнү, саат 17:30 чамасында Көк-Токой айылында Toyota runner унаасын 53 жаштагы Марслатбек Шералиев башкарып бараткан. Ал батыштан чыгышка карай бара жатып, жол жээгинде велосипед менен бараткан адамды сүзгөн. Андан кийин жол четинде токтоп турган Мерседес-Бенц Гигант унаасын сүзүп токтогон. Ал эми велосипедчен жабырлануучу 23 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Ал Манас райондук ооруканасына жеткирилип, көп өтпөй каза болуп калган. Айдоочуну экспертизадан өткөрүшкөндө ал мас абалда болгону аныкталган. Манас РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Унаа айып короосуна токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kyrgyz_bloger
2020-11-27 12:02:14
Мас болуп адамды олтуро сузгон адамды 2 жылга айдоочулук укуктан ажыртуу,туура эмес омур бою машина айдабай турган кылыш керек
+5
Paprikafm
2020-11-27 12:55:13
Кудай сактааааа,адамды олтуруп 3 жылга соттолду денен не деген акыйкаттык ужас, эмне деген олкодо жашап жатабыз
+8
Saliman
2020-11-27 15:55:20
Карапайым эле адам сузуп олтургонда 15 же 20 жылга кесип салса керек эле.акчанын мансаптын кучу менен 3эле жылга кесилип жатат кандай гана акыйкатсыздык
+4
Ryokan
2020-11-27 16:48:56
Туура эмес чечим, акыйкат кайда?
+3
futboler
2020-11-28 12:12:31
Үч жыл көп эмеспи? Акыйкат, адилеттик кайда? Жакынкы кылымдарда оңолорубузга көзүм жетпейт калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан