Дүйнөдөгү эң сексуалдуу дарыгердин топтошкон кыздар менен түшкөн сүрөтү интернетте талкууга алынды

Дүйнөдөгү эң сексуалдуу аталган дарыгер яхтада топтошкон кыздар менен түшкөн сүрөтү үчүн интернетте миллиондогон күйөрмандарынын талкуусуна алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШдагы медицина илимдеринин доктору, "дүйнөдөгү эң сексуалдуу дарыгер" наамын алган Михаил Варшавский ушул жылдын ноябрь айында 31 жашын белгилеп жатып, коронавируска байланыштуу эрежелерди сактабай, бет кабы жок топтошкон кыздар менен чогуу түшкөн сүрөтү үчүн интернеттеги миллиондогон катталуучуларынын жемесине калды.

Интернет баракчасында 10 миллионго жакын катталуучусу бар дарыгер, жакында эле COVID-19га байланыштуу эрежелерди сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө айткан эскертүүлөрүн окурмандары өзүнө жана башкаларга коркунуч келтирбөө үчүн, мүмкүн болушунча үйдө отурууга үндөгөн комментарийлерин жазышкан.

"Медицина жаатында ушундай таасирдүү, ишенимдүү адамга айланган дарыгер үчүн бул жакшы иш эмес. Мен түшүнөм, бул сенин жашооң жана сен каалаганыңдай кылууга укугуң бар, бирок сен коомдук адам болууну чечтиң. Ошондуктан, кесиптин мүнөзүнө ылайык эң жогорку талаптарды коюшуң керек. Сен адамдарга үлгү көрсөтүшүң керек. Мен сени сыйлачумун. Бирок мунун баары жок болду", - деген пикирлерди жазышкан.

Дарыгер Варшавский 2015-жылы "People" журналы тарабынан "дүйнөдөгү эң сексуалдуу дарыгер" деп жарыяланган. Анын келбетине көптөгөн күйөрмандар суктанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aiba.20201234567
2020-11-27 17:42:11
аа кокуй жетим
+4
Nadira93
2020-11-27 18:50:38
Красавчик экен
+3
Aidar.001
2020-11-27 19:12:45
Nadira93,мага окшош экен
+5
love_story
2020-11-28 19:40:19
Красавчиккен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан