Чүй облусунун Кемин районунда 25-27-ноябрь күндөрү “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Аталган иш-чаранын максаты көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда жүргөн үйсүз жарандардын суукка тоңуп калуусун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулган. Анда коомдук жайларда кайыр сураган жарандарды аныктап, аларды атайын приюттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү да катышып, өспүрүмдөр арасында кризистик абалда жашаган балдарды аныктоо жана аларды атайын балдар үйлөрүнө жайгаштыруу иштери жүргүзүлдү.
Алдын алуу иш-чарасы учурунда 2 базар, 6 колдонулбай калган имараттар жана башка коомдук жайлар текшерилип, тийиштүү органдарга 25 жаран жеткирилип алар менен тиешелүү кызматтар жумуш алып барышты. Андан сырткары 15 жаш өспүрүм менен да алдын алуу иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.