Түндүк Кореяда коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү аткарбаган бажы кызматкери өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерине чектөөлөргө карабастан чет жактан товарларды ташып кирген деген айып тагылган.
"Окуя Кытайдын Синыйжу шаарында орун алган. Ал жерде COVID-19га байланыштуу жарандар үчүн бир катар карантиндик чаралар киргизилген. Ал эми өлүм жазасына тартылган жаран киргизилген тартипке баш ийбей, эпидемиологиялык чараларды бузгандыгы үчүн жазаланган. Түштүк кореялык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын акыркы кезде кабыл алган чечимдеринде өтө көп каардуулукту көрсөтүп жатканын айтышкан", - деп жазылат маалыматта.