Орусияда сутка ичинде 27 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 27 миң 543 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 496 адам каза болсо, 26 миң 682 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 7918 (айыккандар 6484);

Санкт-Петербург - 3687 (айыккандар 1898);

Москва облусу - 1058 (айыккандар 615);

Нижегород облусу- 459 (айыккандар 1000) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 215 миң 533 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 38 миң 558 адам каза болсо, 1 миллион 712 миң 174 бейтап айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан