АКШда жубайлар үйүнүн чатырынан 25 миң долларга бааланган байыркы тыйындарды таап алышып, үйдүн мурунку ээсине өткөрүп беришти

АКШнын Түштүк Каролина штатында Колумбиядан көчүп келген үй-бүлө үйүнүн чатырынан кымбат баалуу байыркы тыйындарды таап алышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Жеймс Мумфорд жана анын жубайы Кларисса таап алган эки кутуда 1849-1907-жылдар аралыгында чыгарылган 46 даана Эркиндик айкелинин алтын доллары жана 1879-1904-жылдары чыккан 187 морган күмүш доллары болгон. Тыйындардын жалпы наркы 25 миң долларга (2 миллион 119 миң 960 сом) бааланат.
Жубайлар кенчти алардан мурун үйдө жашаган адамдар таштап кетишкен деп божомолдошкон. Андан соң алар менен байланышып тыйындарды өткөрүп беришкен.
"Үйдүн мурунку ээси улгайган адам. Демек, ал тыйындарды кокустан өзүнөн жашырып койду деп ойлойм. Ал тургай тыйындарды таптакыр унутуп койгонун моюнуна алды", - деген кенчти ээсине өткөрүп берген Кларисса.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Allahim
2020-11-28 05:43:36
Мусулман эмес болсо да кичине болсо ыйманы бар экен, бироонун акысын жегенден коркуп, а биздикилердин кээ бирлерине жол болсун
+14
Akoga
2020-11-28 05:57:31
Ыйман мусулманга эле буйруптурбу, дүйнө мусулмансыз эле ак ниет элдер жана диндер бар. Ал турмак өйдө турат.
+9
Arzybekkg
2020-11-28 10:38:11
Akoga, сен мусулмандарды антип башка динден ылдый коргонун туура эмес.. Ислам дини эн таза жана ыйманга чакырган дин... Туура бизде мусулианмын деп алып Исламдагы бир да эрежеге баш ийбегендер коп.. Чала молдолор да бар алардын Исламга эч кандай тийешеси жок.. Бул койгой динге эмес жеке адамга же мамлекетке тийешелуу деп ойлойм
+5
nazira...
2020-11-28 06:29:11
Таптакыр кантип унутуп койсун, бирок 25мин доллар аларга аз эле акча да ээ. 25мин сомдой болсо керек менимче. Биз качан ушундай ток, бироонун акысын жебеген адам болобуз. Озубуздуку болбосо да ооба меники демекпиз да, же уйдун мурунку ээсине айтпай озубуз жок кылмакпыз.
+7
zamir_kgz
2020-11-28 07:38:46
Жалалабатта бир айыл бар ошол тарапта жашап уйронгом бироонун акысы арам болушун. Жерден акча же баалуу буюм коруп калса тийишпей отуп кетише берет. Жоготкон адам созсуз ошол жердт издеп келет дешип.
+6
Assuman
2020-11-28 14:13:36
zamir_kgz, кайсыл айыл экен
0
Alik1990
2020-11-29 01:38:05
Уруша бербегиле момун мусулмандар кыргыз элим ар улута жакшы Адамдап бар ар кандай диндеда кудайга шугур мусулмандарда кооп кездешет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан