Лукашенко Киевге жакын жерде түзүлгөн "маалыматтык операциялардын" борбору жөнүндө айтты

Киевден алыс эмес жерде Беларусь өлкөсүнө каршы багытталган "Маалыматтык-психологиялык операциялар" борбору түзүлгөн. Бул тууралуу өлкө президенти Александр Лукашенко билдиргенин дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

"Белоруссияга каршы маалыматтык-психологиялык операцияларды уюштуруу азыр мода болуп калды. Бул борборлордо көбүнчө америкалык адистер иштешет. Киевде дагы бир борбор түзүлгөн", - деген Лукашенко.

9-августта Беларусь өлкөсүндө президенттик шайлоо өтүп, оппозиция тараптын массалык нааразычылык акциялары башталган. БШКнын маалыматы боюнча президенттик шайлоодо 80,1% добуш алган Лукашенко алтынчы жолу жеңишке ээ болгон. Ал эми оппозиция тарап Светлана Тихановская жеңди деп эсептеп келет. Аталган өлкөдө шайлоодон кийинки нааразычылык акциялары ушул күнгө чейин уланууда.

Буга чейин Беларусь өлкөсүнүн бийлиги өлкөдө болуп жаткан нааразычылык акциялары чет өлкөдөн координацияланып жаткандыгын бир нече жолу билдирген. Лукашенка Батыш өлкөлөрүн кырдаалга түздөн-түз кийлигишип жатат деп айыптап, баш аламандыкты АКШ башкарып жаткандыгын жана европалыктар аны менен ойноп жаткандыгын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан