Беларусь өлкөсүнүн жаңы конституциясы бекитилгенден кийин, өлкөдө бийлик алмашат деп күтсө болот. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары Александр Лукашенконун айтканына таянып жазышууда.
“Ал мамлекеттин негизги мыйзамынын жаңы редакциясы чыкканда, мындан ары президент болбойм деп жарыялады. Бирок Лукашенко жаңы конституция качан кабыл алынарын тактаган жок”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Лукашенко жаңыланган конституциянын долбоору 2021-жылдын башында коомдук талкууга коюлат деп билдирген.