Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын көчөлөрүнүн биринде жол чырактан эки баласын жетелеп өтүп бара жаткан энени унаа сүзүп кетти. Бул окуяны көзөмөл камерасы тартып калган. Аялдын кызы 3 жашта болсо, баласы бирге чыга элек ымыркай. Видеодо көрүнгөндөй, унаа сүзгөндө эки бала тең бир нече метр алыстыкка ыргып кеткен.
Бактыга жараша наристелердин экөө тең тирүү калышкан. Алар оор жаракат менен ооруканага жеткирилгени маалымдалды. Ал эми кырсыктан балдардын апасы жабыркаган эмес.