Тарыхта калчу Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши тең чыгуу менен аяктады (хронология)

Бүгүн, 29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында бокс тарыхындагы эң мыкты мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши аяктады. Калыстар эки мушкерге тең мыкты деген баа берип, беттеш тең чыгуу менен аяктады.

2020-11-29 11:36:00

Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши тең чыгуу менен аяктады.

2020-11-29 11:32:00

Рой Жонс Майк Тайсондун соккулары кубаттуу болгонун мойнуна алды.

2020-11-29 11:29:00

Тайсон беттеште жеңгенин айтса Жонс ага кошулбай тургандыгын айтты.

2020-11-29 11:28:00

Эки мушкер рингден чыгып беттеш тууралуу ойлорун айтууда. Беттештин жыйынтыгы чыга элек.

2020-11-29 11:26:00

Эки мушкер бири-бирине ыраазычылыгын билдирип өттү. Калыстар кандай чечим кабыл алат?

2020-11-29 11:24:00

Тарыхта калчу беттеш аяктады. Кезек калыстарда.

2020-11-29 11:23:00

Ал учурда Тайсон дагы бир ирет оң колу менен атаандашынын беттешине таамай сокку узатты. Жонс алыстап кетүүгө үлгүрдү.

2020-11-29 11:22:00

Беттештин акыркы сегизинчи бөлүгү башталды.

2020-11-29 11:21:00

Беттештин жетинчи бөлүгү аяктады.

2020-11-29 11:20:00

Рой Жонс Тайсон жанына келгенде эле кучактап калып жатат.

2020-11-29 11:19:00

Беттештин жетинчи бөлүгү башталды. Тайсон физикалык жактан күчтүүрөөк экени даана көрүнүүдө.

2020-11-29 11:18:00

Рой Жонс Тайсондун бетине сол колу менен таамай сокку узатты. Беттештин алтынчы бөлүгү соңуна чыкты.

2020-11-29 11:16:00

Беттештин алтынчы бөлүгү башталды. Тайсон активдүү баштады.

2020-11-29 11:14:00

Ал учурда Майк Тайсон эки колу менен тең атаандашынын бетине таамай сокку узатууга жетишти. Беттештин бешинчи бөлүгү соңуна чыкты.

2020-11-29 11:13:00

Беттештин бешинчи бөлүгү башталды. Майк Тайсон чыпчаңдыгы менен көзгө көбүрөөк көрүнүүдө.

2020-11-29 11:12:00

Эки мушкер тең коргонуу менен беттешүүдө. Беттештин төртүнчү бөлүгү аяктады. 

2020-11-29 11:11:00

Беттештин төртүнчү бөлүгү башталды. Рой Жонс бир аз качып беттеш алып барууда.

2020-11-29 11:10:00

Беттештин үчүнчү бөлүгү аяктады.

2020-11-29 11:09:00

Майк Тайсон Рой Жонско сол колу менен таамай сокку узатты. Жонс аны кучактаганга үлгүрдү.

2020-11-29 11:07:00

Беттештин үчүнчү бөлүгү башталды. Рой Жонс Тайсонго таамай сокку узатууга жетишти.

2020-11-29 11:06:00

Беттештин экинчи бөлүгү соңуна чыкты.

2020-11-29 11:05:00

Рой Жонс Майк Тайсондун кубаттуу соккуларынан буйтап, андан алыстап беттеш алып барууда.

2020-11-29 11:04:00

Беттештин экинчи бөлүгү башталды. Рой Жонс бир аз корккондой беттеш алып барууда.

2020-11-29 11:03:00

Беттештин биринчи бөлүгү аяктады. Жалпысынан беттеш 2 мүнөттөн 8 бөлүккө созулат.

2020-11-29 11:02:00

Майк Тайсон ишенимдүү түрдө соккуларды узатууда.

2020-11-29 11:01:00

Тарыхта калчу беттеш башталды.

2020-11-29 11:00:00

Беттештин калысы эки мушкерге эреже тууралуу түшүндүрдү.

2020-11-29 10:57:00

Гимн аяктады. Беттештин алып баруучусу эки мушкерди тааныштырууда.

2020-11-29 10:55:00

Беттеш АКШнын гимни менен башталууда.

2020-11-29 10:54:00

Эки мушкер тең  рингге чейин беткап тагынып чыгышты.

2020-11-29 10:53:00

Көчүлүк беттешин сагынган, кубаттуу соккулары менен таанымал атактуу мушкер Майк Тайсон рингге жакындап келүүдө.

2020-11-29 10:51:00

Рингге биринчилерден болуп Рой Жонс жакындап келүүдө.

2020-11-29 10:50:00

Эки мушкердин беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 10:50дө башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bayern-munchen
2020-11-29 11:31:34
экоо тен легенда эми Виталий Кличко менен Ленокс Льюсти уруштурса мындан мыкты болот
+5
Islam98
2020-11-29 11:42:58
Тен болгон жок!Судья атайын Тайсонго нагло мамиле жасады.Тайсон 8 раундтун 5 ну женди.
+6
bessmertiy
2020-11-29 13:19:04
Тайсон утту. Рой колтука кире берип эптеп убакыт өткөрдү.
+4
PROS
2020-11-29 19:34:09
Башында эле айкын болгон, бул бокс эмес жөн гана шоу болот экени!!!
0
Tohamoha
2020-11-29 23:39:39
Яя
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан