Түндө Нарында жер титиреди

Кечээ, 29-ноябрда Нарын облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титрөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-ноябрь күнү саат 23:47де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

30-ноябрь күнү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган (афтершок).Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан