АКШда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткендигин жарыялаган 78 жаштагы Жо Байден ити менен ойноп жатып кулап кетип, бутунун эки жеринен сынык алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Компьютердик томография сфеноид сөөктөрүнүн каптал жана ортоңку бөлүктөрүнүн сынгандыгын тастыктады", - деп билдирген дарыгер.
Жыйынтыгында Байден бир нече жума атайын бут кийим кийип жүрүшү мүмкүн экендиги белгиленген. Байден Мейжор аттуу ити менен ишемби күнү ойноп жатып жыгылган.