Нигериялык Майк Эз-Нвали Нвогу аттуу жаран досунун тоюна андан кош бойлуу болгон алты кызды бир убакта ээрчитип келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Бул жерде эч кандай кинодогудай жаңылыштыктар жок. Биз болгону эң жакшы жашоону өткөрүп жатабыз" деген Майк.
30 жаштагы миллионер Майк Эз-Нвали Нвогу Нигериядагы түнкү клубдардын биринин ээси жана ал өз өлкөсүнө "Келишимдүү Майк" каймана аты менен таанылган. Ал эми нигериялык жарандар буга дагы да болсо таң калып бүтө албай жатышканын жашырышкан эмес.