Чүйдө уюлдук телефондорду уурдаганга шектүү жаран кармалды

Чүйдө уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Токмок ШИИБине 52 жаштагы Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз жагдайда сумкасынан уюлдук телефонун уурдатып алгандыгын билдирген. Мындан тышкары Токмок шаарынын Д.К. аттуу тургуну дагы арызы менен кайрылган, ал токтоп турган Мерседес-Бенц унаасынын салонунан уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, аларга мыйзам түрүндө чара көрүүнү суранган.

Бул фактылар Токмок ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Токмок ШИИБинин кызматкерлери тарабынан, аталган кылмыштарга тиешеси бар деп, 32 жаштагы Ч.А. аттуу жаран кармалып, ал Чүй облусунун тургуну болуп чыкты. Кармалган жаран Токмок ШИИБине жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан