"Жүрөгү эки эсе чоңоюп кеткен". Диего Марадонанын өлүмүнө анын жеке дарыгери айыпталууда

Футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири болгон аргентиналык футболчу Диего Марадонанын өлүмүнө анын жеке дарыгери Леопольдо Луке айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дарыгер Леопольдо Луке буга чейин Марадонага гематома боюнча операция жасаган. Сот дарыгердин Испаниянын Сан-Исидро шаарындагы үйүн тинтүүгө буйрук берген. Ошол эле учурда дарыгер эмнеге айыпталып жатканы азырынча так айтыла элек.

"Диего менен ошол күнү урушуп, ал мени үйүнөн кууп чыккан. Кийин кайра телефон чалып чакырды. Мен барсам үйүнөн баарын кууп чыгыптыр. Ал кыздарын дагы кабыл алгысы келбеди. Мен үйгө кирип, ага туруп ары-берүү басууну айттым. Ал мени кайрадан кубалады. Бирок мен ал жардамга муктаж экенин билип, чыгып кетүүдөн баш тарттым", - деген өз көрсөтмөсүндө Луке.

Футбол легендасы Диего Марадона 60 жашында 25-ноябрда Буэнос-Айрес шаарындагы үйүндө кокусунан жүрөгү токтоп калып каза болгон. Кийинчерээк Марадонанын жүрөгү кадимкидей көлөмдөн эки эсе чоң болуп, изилдөөгө алынганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tohamoha
2020-11-30 12:48:56
Не
-3
bayern-munchen
2020-11-30 13:26:04
Tohamoha,чынында Марадона ото кайсар озунукун эп коргон женил адамдай корунчуу телевидениеден деле врачтын айтканы туура болушу мумкун
+3
Tyty1990
2020-11-30 19:06:08
Кудайга ишенбеген католик болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан