Чүйдө уурулукка шектелип 3 жаран кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда уурулукка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына бир нече жаран уурулук фактылары боюнча арыз менен кайрылышкан. Анда ушул жылдын ноябрь айынын ортосунда чач-тарач салонунан кымбат баалуу электр чач кырккычты жана башка косметикалык буюмдар уурдалганын жана Сокулук районунун аймагында жайгашкан бир нече дүкөндөрдөн акча, тамак-аш азыктарын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан. Бул фактылар Сокулук РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБинин кызматкерлери бул кылмыштарга тиешеси бар деп үч жаранды кармашкан. Алар 21 жаштагы А.Э., 20 жаштагы Ш.Б. жана 28 жаштагы Ч.Н. болуп чыккан. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө аталган жарандардын Чүй облусунун аймагында жасалган уурулук боюнча 6 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан