Кочкордо мал уурдап бара жаткандар унааны орто жолго калтырып өздөрү качып кетишкен

Ушул жылдын 15-ноябрынан 16-ноябрына караган түнү Кочкор районунун Сары-Булак участкасынан белгисиз адамдар бир баш уй уурдап бара жатып Кочкор айылынын ичинен Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны көчөгө таштап качып кетишкен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бул факты Кочкор райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдар такталган. Алар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1999-жылы туулган тургуну У.Н. жана Ысык-Көл облусунун 1993-жылы туулган тургуну Н.Б. аттуу жарандар болушкан. 10дон ашуун мал уурулук фактысын моюнуна алып бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан сырткары Нарын облусунун башка райондору боюнча кылмыш иштерин аныктоо максатында атайын топ түзүлүп, иш сапар уюштурулуп ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Жогорудагы кармалган шектүү жарандардын жанындагы кылмышка тиешеси бар кылмышкерлерди аныктап тергөө кызматына камсыз кылуу үчүн ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Barsa84
2020-11-30 13:49:39
Уурунун жолу кууш. Качып кайда барат экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан