Бишкекте милициянын кайгуул кызматы жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
30-ноябрь күнү 102 кызматына болжол менен саат 09:30 чамасында Панфилов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамды сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн.
"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы маалыматты тактаганда белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен 2000-жылы туулган Д.Д. аттуу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Лексус-GS300 үлгүсүндөгү унаанын М.С. аттуу айдоочусун кармап, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Унаа айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.