Орусия чет өлкөлүк жарандарга 2021-жылдын жай мезгилине чейин жүрүүгө уруксат берүүнү пландап жатат

Орусия чет өлкөдөн келген жарандарга 2021-жылдын жай мезгилине чейин жүрүүгө уруксат берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Орусия коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөдөн келген жарандардын жүрүү мөөнөтүн жай айына чейин узартууну пландоодо.

"Азыркы учурда администрация менен бул келишимдин үстүндө иштеп жатабыз. Бардык жагдайларды эске алуу менен чет элдик жарандардын жүрүү мөнөтү 2021-жылдын жай мезгилине чейин узартылат", - деген Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча директорунун орун басары Кирилл Адзинов.

Мындан тышкары, ал Орусия аймагында чет элдик жарандар жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарылдыгын кошумчалаган.

"Орусияга ар түрдүү максатта келип, бирок артка кайта албай калган чет өлкөлүк жарандар жумушка орношуу мүмкүнчүлүнө ээ болушу зарыл. Себеби, кандай гана учур болбосун алар жашоо керектөөлөрүн камсыздоосу керек", - деп кошумчалаган ал.

Буга чейин, тагыраагы сентябрь айында Орусиянын президенти Владимир Путин чет өлкөдөн келген жарандарга (Орусиянын жараны эмес) 15-декабрга чейин жүрүүгө уруксат берген чечимге кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg627
2020-11-30 23:15:15
Бул дегени жайга чейин, россияга кирбейсинер дегени
+7
sagynbek.apyshev
2020-12-01 10:22:01
Бул дегени продления кылбай эле дегени
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан