Орусиялык ырчы Полина Гагарина ажырашуу үчүн арыз бергени айтылды

Орусиялык ырчы Полина Гагарина жолдошу Дмитрий Исхаков менен ажырашуу үчүн расмий түрдө арыз жазды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, ырчы Полина Гагарина расмий түрдө арызын Люблинский райондук сотуна тапшырып, учурда өндүрүш иши башталган.
"Жылдыздуу түгөйлөр ажырашуу тууралуу жарым жыл мурда эле айтып келишкен. Бирок маалымат буга чейин расмий түрдө тастыкталган эмес. Ал эми алардын мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгону ачыкталган эмес", - деп жазылат маалыматта.
Полина Гагарина жана Дмитрий Исхаков бирге 6 жылга жакын жашады. Түгөйлөрдүн 3 жаштагы кызы бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aizada2020
2020-11-30 17:39:17
сулуу десе сулуу не в красоте счастья деген чын окшойт))
0
narynbek2001
2020-11-30 19:56:06
Эмнеге орус кыздар сулуу болушат.
-1
Ruma
2020-11-30 21:52:40
Жоргонун жону кургабайт.. Болушат..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан