"Сейил бактарга орнотулган отургучтарды сындырып кеткен учурлар дагы деле катталып жатат" дейт Бишкек мэриясы

Жаңы курулган сейил бактарга орнотулган отургучтарды сындырып кеткен учурлар дагы деле катталып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, отургучтарды оңдоп иретке келтирүү максатында "Шаардык сейил бактар" ишканасында жаңы устакана ачылган.

"Шаардык ресурстарды оптималдаштыруу үчүн "Шаардык сейил бактар" муниципалдык ишканасынын алдына жыгач устаканасын ачтык.

Куураган жана авариялык абалдагы кыйылган бак-дарактардын арткандары биздин цехке жөнөтүлөт. Эми отургучтарды оңдоо үчүн жыгачтарды өзүбүз жасай алабыз. Буга чейин 40тан ашуун отургучтар оңдолуп, ага бир сом да бюджеттен коротулган эмес", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2020-11-30 22:45:34
Малдар коп да. Россияда чоон мониторлор турат, бироо да тийбейт. Мына маданият орустарда. Бизде эптеп эле булунтсо, сындырса уяты жоктор.
Ошон учун да онукпойбуз да, ар бирибиз эл учун дешибиз керек, мектептерде патриоттукка уйротуш керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан