АКШнын жарандары "арзандатуу жумасында" онлайн-сатып алууларга тогуз миллиард доллар коротту. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактарында айтылат.
Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам америкалыктардын басымдуу бөлүгү арзандатуу күнүндө дагы үйүндө болуп, керектүү буюм-тайымдарды интернет аркылуу сатып алышкан.
"Былтыркы "арзандатуу жумасында" АКШда 7,4 миллиард доллар соода жүргүзүлсө, бул сумма 2018-жылы 6,2 миллиард долларды түзгөн.
Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бут кийим менен зер буюмдарга суроо-талап төмөндөгөн. Анткен менен тиричилик техникасы жана уюлдук каражаттар көп сатылган.
Эксперттер "кибер дүйшөмбү" күн онлайн-дүкөндөрдө сатып түгөтүү башталат. АКШнын онлайн соодасынын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болорун күтүп жатышат. Америкалыктар бул учурда 10,8 ден 12,7 миллиард долларга чейин жумшашы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.