Ноокенде эки унаа сүзүшүп 3 адам каза болуп, дагы үч жаран ар кандай жаракаттарды алышкан

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болуп, дагы үч адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-ноябрь күнү саат 23:08де Бишкек-Ош унаа жолунун 498-чакырымында Daewoo Nexia менен Mercedes Sprinter унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсык болгон жерден 1 эркек киши каза болсо, 26 жана 22 жаштагы эки жаран ооруканадан жан берген. Мындан сырткары 3 адам ар кандай жаракаттарды алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жаткырылган.

ӨКМнын №55 өрткө каршы куткаруучу бөлүгүнүн куткаруучулар тактоо иш-чараларын жүргүзүшүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан