Америкалык "People" журналы 2020-жылдагы дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырзалардын тизмесин жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Аталган тизменин алдыңкы сабын 33 жаштагы актёр Майкл Бакари Жордан ээлеген. Ал "дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырза" аталып көпчүлүк айымдардын арзуусуна айланды.
"Дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырза" наамын эң алгач 1985-жылы актёр Мел Гибсонго берилген. Андан кийин Брэд Питт, Ричард Гир, Жорж Клуни жана Жонни Депп эки жолу алышып, алдыга эч кимди чыгарбай келишкен.