Бүгүн, 1-декабрда Орусиянын, Азербайжандын президенттери жана Армениянын премьер-министри кол койгон үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан армиясынын бөлүктөрү Тоолуу Карабахтагы Лачин районунун аймагына киришти. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирүү тараткан.
Маалыматка ылайык, учурда жергиликтүү тургундар Лачин шаарынан чыгып кетишүүдө. Кырдаал канчалык оор болбосун, бардык тургундар шаардан кечке чейин чыгып кетиши керек. Ал эми, Лачин коридору толугу менен Орусиянын тынчтык күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат.
Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөрү Агдам жана Кельбажар аймагынан чыгып кетишкен.