Улуу Британиянын Тони Стенден аттуу жараны кыялындагы той үчүн өзүн оорулуу көрсөтүп, элден акча жыйнаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, 29 жаштагы кыз өзүн залалдуу шишик дартынын акыркы стадиясында ооруп жатканын айтып интервью дагы берген.
"Бул дарт менин башымда, сөөктөрүмдө, бардык жерде" деген ал.
"Стендин үлпөт тою үчүн достору ага арнап 870 миң фунт стерлинг (968 миң 106 сом) чогултушкан. Үлпөт той аяктагандан кийин ал жубайы менен бал айын өткөргөнгө Түркияга кетишкен. Андан кийин гана достору Стендин алдап кеткенин билишкен.
"Ага "Оскар" бериш керек. Ал өзүн оорулууга окшоштуруп, баарыбызды алдады" деген досторунун бири. Стендендин алдамчылык кылганын моюнуна алган соң аны абакка киргизет", - деп жазылат маалыматта.