Орусиянын президенти Владимир Путиндин жан сакчысы Михаил Захаров Кремлдин аймагында өз өмүрүнө кол салды. Бул туурасында орусиялык басылмалар Baza Telegram каналына таянып жазышууда.
Маалыматка ылайык, Захаров кызмат өтөп жаткан учурунда өзүн өзү атып алган. Маркумдун кесиптештеринин айтымында, анын өлүмүнө жумушундагы маселелер себеп болушу мүмкүн.
Захаровдун өлүмүнүн себептери тууралуу жубайына эч кандай маалымат берилген эмес, ага күйөөсүнүн каза болгондугун гана айтышкан.
Айрым орусиялык маалымат булактары жан сакчынын табышмактуу өлүмү иликтене тургандыгын жазышууда.