"Формула-1" эл аралык автожарыштын көп жолку чемпиону Льюис Хэмилтон коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал мындан улам алдыда өтүүчү Бахрейндеги Сахира Гран-Приси үчүн мелдешке катыша албайт.
"Өткөн аптада Хэмилтон үч жолу тест тапшырып, үчөөндө тең оору аныкталган эмес. Бирок анын командасы спортчу дүйшөмбүдө эртең менен ойгонгондо эле оорунун жеңил белгилерин байкаганын, кайталап тапшырган тести оң чыкканын, бирок өзүн жакшы сезип жатканын билдиришти. Бахрейндин медициналык талаптарына ылайык, 35 жаштагы Хэмилтон учурда өзүн өзү обочолонуу режиминде", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Льюис Хэмилтон "Формула-1дин" жети жолку чемпиону.