Екатеринбургдагы кино фестивалда Кыргыз өлкөсүнөн катышкан "Күн карама" тасмасы “Көрүнүктүү дебют” сыйлыгын жеңип алды

Чет өлкөлөрдөн жана Орусиянын региондорунан фильмдердин авторлору катышкан конкурстук программанын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык режиссёр жана оператор Чыңгыз Сулумбековдун “Күн карама” фильми калыстар тобунун “Көрүнүктүү дебют” атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын бул сыйлыгы мекендешибиздин ордуна Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Нурлан Алымбековго тапшырылган. Анткени фильмдин автору Сулумбеков Екатеринбургга эпидемиологиялык кырдаалдан улам бара алган эмес.

Ошондой эле “Продвижение” телеканалы кыргызстандык режиссёрго фильмин телеканалдын эфиринде көрсөтүүгө укук берген сертификатын берген. Диплом менен сертификат фильмдин автору Чыңгыз Сулумбековго жакын арада жөнөтүлөрү маалымдалды.

"Аталган сынакка жалпы 435 эмгек жөнөтүлгөн. Анын ичинен 55 фильм тандап алынган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Орусия" даректүү тасмалардын ачык фестивалы 1988-жылдан бери өткөрүлүп келет. Максаты - көркөм фильмдерди жайылтуу, анын жогорку социалдык-маданий статусун калыптандыруу, башка өлкөлөр менен чыгармачыл байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан