Куш тумоосу Япониянын 4-префектурасында катталды

Куш тумоосу Япониянын 4-префектурасында катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, куш тумоосу Миядзаки префектурасынын Хюга шаарындагы тоок фермасында аныкталган.

"Куш тумоосу адамдарга тоок этинен жасалган тамактардан жана жумурткадан жугушу мүмкүн", - деген министрликтен.

Японияда алгачкы жолу куш тумоосу ноябрь айында Митоё шаарында башталган. Куш тумоосу аныкталган фермадагы 40 миң жөжө жок кылынган жана ал жакка кирүүгө чектөө коюлган деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан