Милиция жол кырсыгынан каза болгон жарандын аты-жөнүн буюмдары аркылуу тактоого жардам сурайт

Ушул жылдын 22-ноябрында болжол менен саат 20:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапкан. Анда Тойота-Хариер үлгүсүндөгү унаанын ээси велосипед тээп бара жаткан кебетеси азиялык болгон 40-45 жаштар чамасындагы адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен велосидепчен жаран окуя болгон жерден көз жумган.

Аталган кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Бирок каза болгон жарандын аты-жөнү дагы деле тактала элек.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматы маркумдун аты-жөнүн тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурап, анын буюмдарынын сүрөттөрүн жарыялады.

Маркумдун бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү орто, 40-45 жаштарда, өзгөчө белгилери жок.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү кепка, кара күрмө, кызыл-кара өңдүү спорттук костюм, көк футболка, спорттук кара шым, боз өңдөгү спорттук шым, кара түстөгү кышкы өтүк, күрөң түстүү байпак, колунда куруучулар кийген көк түстөгү кол кап. Велосипеди Урал үлгүсүндө.

Эгер маркумду таанып, билгендер болсо төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(312) 60-73-87, 0(705) 43-15-13, 0(701) 02-25-11,0(701) 15-75-74, 0(701) 77- 74-59,0(701) 15-36-28.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан