АКШда 47 жыл бирге жашаган Лесли жана Патрисия аттуу жубайлар COVID-19 илдетин жуктуруп алышып, оорунун кесепетинен бир күндө каза болушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Мичиган штатынын тургундары, 47 жыл бирге өмүр сүргөн жубайлар COVID-19 илдетин жуктуруп алышып, 24-ноябрда оорунун кесепетинен бир күндө көз жумушкан.
"Бул кандай сонун, бирок аянычтуу. Кудум эле Ромео менен Жульеттадай. Демек, алар бири-бирисиз жашоону каалашкан эмес", - деп билдирген алардын кызы.