"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Коюн колтук алышуу - бири-бирине абдан жакын, ынак болуу, достошуу. Мисалы: Өзү ачык-айрым, киши менен бат эле коюн-колтук алышып кетчүлөрдөн болот. (У.Абдукаимов)
2. Распаасы чыгуу - уят болуу, маскарасы чыгуу, абийири төгүлүү. Мисалы: Жалпы чогулушта жалган сводкасынын распаасы чыкты. ("Чалкан")
3. Чөл түшүрүү - чакчелекей түшүрүү, баш аламан кылуу. Мисалы: Чын кожонун колуна чөл түшүрүп калсамбы! ("Семетей" эпосу).