Американын Айдахо штатында жашаган Шарали Армитаж Ховард аттуу аял 110 жылдык даракты китепканага айландырган. Ал үйүнүн жанындагы даракка мындай жол менен дагы бир ирет өмүр тартуулаган.
Шаралиге үйүнүн оң жагындагы даракты кесүү керек болгон, бирок бул учурда ага жомоктогудай китепкана кылуу идеясы келген. Ал дарактын ичин көңдөй кылып кесип, жарыктандырып, дал ушундай керемет нерсе жараткан.
Китеп багына айланган жай төмөнкү максат менен иштейт “ал жана бөлүш”. Ким кааласа кошумча китептерди алып келсе, зарыл болсо алып кетсе да болот. Мындай аракетинен кийин Шарали “Кичинекей бекер китепкана” уюмуна мүчө болуп кабыл алынган.