Буга чейин Сокулукта катуу сабалган 6 жашар баланын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.
"Апасы өз баласынан баш тартып, камкордукту апасына (баланын таенеси) өткөрүп берди. Мындан ары баланын таенеси расмий түрдө ата-эне болот. Эми бала коркунучта эмес. Ага боорукер адамдар ушул күнгө чейин оюнчук, таенесине азык-түлүк жана окууга керектүү буюмдарды жиберип жатышат. Бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдиребиз", - деп билдирди жактоочу.
Окуянын чоо-жайы:
18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.
Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы, Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы аталган ишке шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.
Кийин жабырлануучу жактын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген. Жактоочу сабалган 6 жаштагы баланын апасы "окуяны оюмдан чыгарып койгом" деп өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, күйөөсүнө болушуп баштаганда жактоочу болуудан баш тартканын билдирген.