Биз социалдык тармакта

Окуучулардын кышкы каникулун 17-январга чейин узартуу сунушталды

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги жыйын өткөрүштү. Анда талкууланган маселелердин бири борбор калаадагы мектептерди ачуу болду.

Депутат Валентина Лисниченконун айтымында, ата-энелер онлайн окутуудан чарчаганын, балдар арасында суицид көп катталып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал кышкы каникулду, 14-декабрдан 2021-жылдын 17-январына чейин узартууну, андан кийин салттуу режимде окутууну баштоону сунуштады.

"Бул убакыт балдарга, ата-энелерге, мугалимдерге онлайн окутуудан эс алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми мектептердин окуучуларга босогосун ачууга даярдык көрүүсүнө дагы шарт түзөт. Эгер бул чечим колдоо тапса окуу жылын май айында жылдырса болот", - деди ал.

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев окуучулардын каникулу боюнча чечимди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл аларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан