Дональд Трамптын кызы саясий жеке карьерасын баштоону көздөөдө

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп атасы президенттик кызматынан кеткенден кийин жеке саясий карьерасын баштоону көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Иванка Трамп учурда президенттин кеңешчиси кызматын аркалап жатат. Ал партиялык чөйрөдө таасирин күчөтүү үчүн кандайдыр бир саясий кызматка көрсөтүлүүнү көздөп жатат. Иванка Трамп саясатта калгысы келсе эл аны колдойт. Бирок учурда ал "президенттикке умтулуп жатабы?" деген суроого жооп берүүдөн качып жүрөт", - деп жазылат маалыматта.

Дональд Трамп Жо Байден бийликке келгенден кийин Юстиция министрлиги аны жана балдары Эрик Трампты, Иванка Трампты, анын күйөөсү Жаред Кушнерди жазалоого аракет кылышы мүмкүн деп тынчсызданганы тууралуу буга чейин айтылган деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан