Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баңгизаттары боюнча комиссиясы медициналык максатта колдонулган марихуананы дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттар категориясынан чыгарууну чечти. Бул тууралуу аталган уюмдун комиссиясынын билдирүүсү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
БУУнун чыгарган чечимине 53 мамлекеттин мүчөлөрү биригип добуш беришкен. Анда АКШ баш болгон 27 өлкө чечимди колдоп добуш беришсе, Орусия жана Кытай баш болгон жалпы 25 өлкө каршы добуш берген. Алардын ичинен Украина өлкөсү добуш берүүдө баш тарткан.
"Чечим Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2019-жылдын январь айында берген сунуштарынын негизинде кабыл алынган. Ага ылайык, кара куурайды изилдөө жана медициналык колдонууга пайдалуу таасир этерин белгилейт. Ошол эле учурда эксперттер БУУнун чечими эл аралык көзөмөлдүн солгундашына тез таасирин тийгизбейт", - деп жазылат маалыматта.