"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди көбүнчө жумушка алышпайт, а биз тескерисинче, аларга шарт түздүк" дешет тез татым жайын ачкан ишкерлер

3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу калаадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштеген тез татым жайына барып, алардын абалы, иши менен таанышып кайттык. Бул жерде 10го жакын угуу, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн чектелген, Даун синдрому менен ооругандар иштейт.

Аталган жайды америкалык Торсон Жакып менен Нурмат Эшалиев биргеликте негиздеген. Эмне себептен дал ушундай бизнес ачкандыгы боюнча кафенин ээлери менен кыскача маектештик.

Торсон Жакып өзгөчөлүгү бар балдар да коомго аралашууга укуктуу деген пикирин айтты.

"Мен Америкадан Кыргыз өлкөсүнө келгениме 4 жылдын жүзү болду. Алгач ар кайсы облуста ыктыярчы болуп иштеп жүрүп кыргыз тилин үйрөндүм. Менин жубайым кесиби боюнча терапевт. Менин бул жумушту баштап, "өзгөчөлүгү бар" балдарды ишке алганыма да анын салымы чоң. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер көбүнчө үйдө отурат, коомго көп аралашпайт. Бирок мен ойлойм аларга деле жумуш берип иштетсе болот", - дейт Торсон Жакып.

Ал эми Нурмат Эшалиев кафени ачуудагы максаты, акчанын эле артынан чуркабай коомго да пайда келтирүү керектигин айтат.

“Бул жерди июнь айында ачканбыз, 6 айдын жүзү болуп калды. Алгач эки эле адам иштеп жатты. Кийин кызматкерлерибиздин санын көбөйттүк. Максатыбыз - бир эле акча табуу эмес, коомго салым кошуу болду. Ар кандай кыйынчылыктарды басып өттүк, бирок ага карабай биз өз ишибизди улантуудабыз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды көбүнесе жумушка алышпайт. А биз тескерисинче, алардын иштөөсүнө шарт түзүп бердик. Учурда бул жерде иштегендердин 70 пайыздан көбү өзгөчөлүгү бар балдар”, - дейт Эшалиев.

Ал арада кафедеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлери менен да кыска маек курдук.

25 жаштагы Элдияр төрөлгөндөн бери эле кулагы жакшы укпагандыгын айтат.

“Буга чейин ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүм. Бирок кулагым укпагандыктан көп кармалчу эмесмин. Бардык эле жерде саламаттыгы жакшы адамды жумушка алгысы келет да. Кийин бул жер боюнча маалымат алып, жетекчилер менен телефон аркылуу сүйлөшүп келип калдым. Азыркы иштеп жаткан жерим абдан жагат. Шарттары туура келет, айлыгым жакшы”, - дейт Элдияр.

Ал эми 25 жаштагы Артём Даун синдрому менен жабыркайт. Бул жерде ал кафенин тазалыгына жооптуу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан