Түркмөнстандын Ашхабад шаарында баңги заттарын өрттөп жок кыла турган жаңы комплекс курулду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Анда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү баңги заттарын мешке ыргытып жаткан видеосу жарыяланган.
"Жаңы комплексте ачык жана жабык формадагы заманбап мештер орнотулган. Баңги заттарын жок кылуу процессинде колдонулган технологиялар экология жана адамдар үчүн коопсуз. Жалпысынан өрттөө жолу менен 122 килограммдан ашык баңги заты жок кылынды", - деп жазылат маалыматта.