Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Бакуда өтө турган аскердик парадга катышат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Азербайжандын борбору Баку шаарында өтө турган аскердик парадга катышат. Бул тууралуу Баку шаарындагы дипломатиялык булакка таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.

"Түркиянын президенти Баку шаарына аскердик парадга катышуу үчүн келет. Парад 10-декабрга пландаштырылган" деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан